Депутат Ыргал Кадыралиеванын агасынын иши боюнча алгачкы сот отуруму болот

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү алардын үйүнө былтыр 31-августта белгисиз бирөөлөр келип, үй ээсин сабап, коркутуп, ири суммадагы акчасын алып кеткенин билдиришкен. Алар бул кол салууну ошол убакта прокутарурада иштеген Канжар Кадыралиев уюштурган деп маалымдашкан.

БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевдин сот отуруму канчасында болору аныкталганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Депутаттын бир тууганы өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевди коркутуп, ири суммадагы акчасын алып кеткенин жабыр тартуучунун үй-бүлөсү билдирген.

Депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганынын кылмыш иши сотко жиберилди - Sputnik Кыргызстан
Депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганынын кылмыш иши сотко жиберилди
Мурдагы прокурор Канжарбек Кадыралиевге карата иш боюнча биринчи сот отуруму боло турган күнү белгиленди. Алгачкы сот 22-июнь Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда өтөт.

27-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Кадыралиевдин баш коргоо чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин кабыл алган. 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун сот коллегиясы биринчи инстанциянын токтомун жокко чыгарып, Кадыралиевге карата камакта кармоо чарасын үй камагына алмаштырган. Бирок Жогорку соттун сот коллегиясы Кадыралиевди бир ай камакка алуу чечимин чыгарган болчу. 

Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт. Кадыралиев 26-майга чейин №1 убактылуу кармоо жайында камакта болмок.

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери, ЖК депутаты Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиев опузалап акча талап кылуу жана ур-токмокко алуу аракеттери боюнча айыпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0