Кыргызстанда Орозонун башталышын муфтият 18-июнга болжоп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековАр-Өргөдө жайгашкан мечит. Архив
Ар-Өргөдө жайгашкан мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозонун башталышы ага бир-эки күн калганда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дагы тагыраак билдирилет.

БИШКЕК, 3-июнь — Sputnik. Орозонун башталышын азырынча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 18-июнь деп болжолдоп жатат. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Алардын айтымында, Орозонун башталышы ага бир-эки күн калганда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дагы тагыраак билдирилет. 

"18-июнь деп болжолдуу  белгилеп жатабыз. Быйыл мусулмандар арасында эч кандай эки анжы ой болбойт, себеби аалымдар кеңеши менен биргеликте муфтият айдын чыгышына карап белгилейт. Коңшу мамлекеттер Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан да болжолдуу түрдө ушул күндү айтып жатышат экен. Так маалыматты Орозого 1-2 калганда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кошумча билдиребиз", — деди муфтияттын маалымат кызыматынан. 

Муфтияттын маалыматында, Орозо Кыргызстанда 18-июнда башталса, акыркы күнү 16-июлга туура келет. Бул күн ай башы аталып, 17-июлда Орозо айт болот.

Орозонун башталышы ага бир-эки күн калганда жалпыга маалымдоо каражаттары дагы тагыраак аркылуу билдирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0