"Что? Где? Когда?" оюнунун оюнчулары КР желегинде эмне тартылганын табууга аракеттеништи

Жазылуу
Интеллектуалдык телеоюндун оюнчулары Кыргызстандын желегинде эмне тартылганын таба албай көпкө убара болушту.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Россиялык Биринчи каналдан берилчү"Что? Где? Когда?" оюнунун оюнчулары Кыргызстандын желегинде эмне тартылганын таба албай көпкө убара болушту.

Телеоюндун биринчи жайкы оюндары 31-майда тартылган. Ал оюнду Кыргызстандыктар 7-июнда көрө алышат. Оюндун катышуучуларына Американын Бостон шаарында программист болуп иштеген Филипп Портной Кыргызстандын желегинде эмне тартылган сүрөт тууралуу суроо берип, "кыргыздар түндүк деп эмнени айтат?" деген суроо салды.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Япониянын Фудзи тоосунун чокусуна Кыргызстандын желеги сайылды
Оюндун жүрүшүндө "дарбыз", "күн", "нан", "ай", "күндүн тутулушу" сыяктуу түрдүү версиялар айтылган. Ойлонууга берилген убакыт бүтөөрүнө аз калганда белоруссиялык Михаил Карпук "түндүк" деп желектин ортосунда тартылган алкак айтыларын болжолдоду. Алып баруучунун тактоочу суроолоруна жооп берген оюнчу, желекте тартылган алкак үстүнөн эмес, капталынан тартылганын айтып, өзүнүкүн берген жок.

Алып баруучу Борис Крюк кыргыздардын эзелтен келе жаткан турак жайы "юрта" (боз үй) деп аталарын, желектин ортосунда турган алкак түндүк экенин айтты. Михаил Карпуктун болжолдогон жообун алып баруучу туура деп эсептеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0