Муфтият ажылыкка барчулардын аз катталганын дүйнөдөгү кризиске таяп жатат

© flickr.com / Francisco OsorioШаардагы мусулман. Архив
Шаардагы мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ажылык зыяратка камынган кыргызстандыктар Сауд Аравиясына 27-августтан 13-сентябрга чейин учуп, 15-октябрларда кайтып келип калышат.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Ажылык зыяратка барам деп муфтиятта катталгандардын саны Кыргызстанга Сауд Аравиясынан берилген квотага 265 адамга жетпей калды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы каттоодон 3295 киши өткөндүгүн билдирди.

Быйылкы зыяратка камынгандардын аз санда болгондугунун себебин муфтийдин орун басары Замир Ракиев каржы маселесине байланыштырды. 

"Себеби, элде кризис болуп жатат, дүйнөлүк кризисти көрүп жатпайсыңарбы, биз себебин ошого эле таяп жатабыз. Былтыркыдан калган 4,5 миң киши бар, чүчү кулак өткөрүүдө аларды кошобуз. Жалпысы болуп 3560 орунга тандоо болот", — деди Ракиев. 

Анын маалыматында, зыяратчылар үчүн чүчү кулак 7-июнда башталып, 17-июнда аяктайт. Ал бир райондук борборлорундагы мечиттерде өтөт. 

Ажыга бара тургандарды каттоо аяктады, эми чүчү кулак менен тандоо башталат - Sputnik Кыргызстан
Ажыга бара тургандарды каттоо аяктады, эми чүчү кулак менен тандоо башталат
Ракиев 70 жаштан ашкандар зыяратка бара тургандардын тизмесине дароо кошула тургандыгын кошумчалады. 

2015-жылы Меккеге баруу үчүн Сауд Аравиясы 3685 квота берсе, анын 125и ажылык штабга бөлүнгөн. Калган 3560 орун жогоруда айтылган чүчү кулак аркылуу тандалат. 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйыл ажылык зыяратка камынган кыргызстандыктар Сауд Аравиясына 27-августтан 13-сентябрга чейин учуп, 15-октябрга чейин кайтып келип калышарын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0