Депутаттар тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмасын сунуштоодо

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСоода борборуна киришинде сигарет чеккен киши. Архив
Соода борборуна киришинде сигарет чеккен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы долбоордун алкагында турак жайлардан тышкаркы бардык имарат ичинде тамеки тартууга тыюу салуу, башкача айтканда жүз пайыздуу тамекисиз аймакты түзүү каралган.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Депутаттар турак жайлардан тышкаркы Кыргызстандын бардык имараттарында тамеки тартууга тыюуу салууну сунуштап жатышат.

Эл өкүлдөрү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиден жылына 30 жаштан жогору алты миңге чукул адам каза болорун, өлүмдүк 96 пайызы инфекциялык эмес ооруларга туура келерин билдирген статистикасын келтиришти.

"Мамлекеттин тамеки тартууга каршы күрөшүү саясатына карабастан, тамеки тартуудан пайда болгон жүрөк-кан тамыр ооруларына сарпталган каражат 10 миллиард сомдон ашат", — деп айтылат негиздемеде.

Тамеки өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки айдан кийин тамекинин акциздик салыгы көбөйтүлөт
Депутаттар мыйзам чыгаруу актыларынын аягына чыга иштелбегенинен улам тамеки тартууга тыюу салган мыйзам ишке ашпай жатканын билдиришүүдө. 

Жаңы долбоордун алкагында турак жайлардан тышкаркы бардык имарат ичинде тамеки тартууга тыюу салуу (КР аймагындагы бардык коомдук жана жумушчу орундардарда, коомдук унаа жана тамактануучу жайлар), башкача айтканда, жүз пайыздуу тамекисиз аймакты түзүү каралган. 

"Кыргызстанда жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан эмгекке жөндөмдүү калктын 85 пайызы коомдук жайларда жана жумуш орунда, ошондой эле ресторан жана барларда тамеки тартууга тыюу салынышын колдой турганын билдирген. Окуучулардын 80 пайызы бардык коомдук жайларда тамеки тартууга мыйзам аркылуу тыюу салынышы керек деп эсептейт", — деп билдиршти депутаттар.

Мыйзам долбооруна ылайык, көзөмөл тамекинин бардык түрүнө — насвай, кальян жана электрондук тамекиге да жүргүзүлөт. 

Мыйзам долбоорун ишке ашыруу тамеки тартууну 30 пайызга кыскартып, мындан улам өлүмдүн санын азайтып, дарыланууга, майыптык боюнча төлөнө турган жөлөк пулга сарптала турган чыгымдарды 30-50 пайызга кыскартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0