Мугалимдердин айлыгы күздөн баштап көтөрүлөт

© Sputnik / Алексей Владыкин / Медиабанкка өтүүМектеп классы. Архив
Мектеп классы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында Билим берүү министри Эльвира Сариева күздөн баштап мугалимдердин айлыгы 1,5-2 эсеге чейин жогорулай турганын билдирген.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Сентябрь айынын баштап мугалимдердин айлыгы жогорулай турганын билим берүү министри Эльвира Сариева өзүнүн Facebook социалдык тармагында жазды.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында Билим берүү министри Эльвира Сариева күздөн баштап мугалимдердин айлыгы 1,5-2 эсеге чейин жогорулай турганын билдирген.

"Эгер башталгыч класстын мугалимдерине 6-7 миң төлөнүп келген болсо, айлык жогорулагандан кийин алар 10-11 миң сом алып калат. Ал эми орто жана жогорку класстын мугалимдеринин айлыгы 6,5 миңден 9,5 миңге чейин жогорулайт", — деди министр айым.

Сариева билдиргендей, мугалимдердин айлыгын жогорулатуу боюнча чечим бекиди.

"Чечим өкмөттүн бүгүнкү кезексиз жыйынында кабыл алынды. 2,2 миллиард сомдун бөлүнүшү менен жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин жана кесиптик окуу жайлардын мугалимдеринин айлык акысы 1-сентябрдан баштап жогорулайт", — деди Сариева.

Ал ошондой эле министрлик муну менен эле токтоп калбастан пландуу түрдө мугалимдердин айлыгын көтөрүүнүн үстүндө иштей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0