Насвайга тооктун заңы кошулбаса да ооз рагына алып келет

© Sputnik / Расул УсеналиевБишкек соода-түйүндөрүндө насвай сатуу. Архив
Бишкек соода-түйүндөрүндө насвай сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө, өспүрүм балдар насвайды чеккенде нерв системасынын бузулушуна алып келет. Алардын ойлонуусу, аң сезими, эс тутуму начарлайт. Алар көбүнчө урушчаак болуп, эч кимди жактырбай калат дейт нарколог.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши соода-түйүндөрүндө насвай сатууга тыюу салуу боюнча демилгени көтөрүүдө.

Бишкектеги Ош базарда насвай саткандар шаардык кеңештин мындай демилгесин колдоого албайт. Алардын айтымында, тыюу салуу насвай сатууга жолтоо боло албайт. Себеби, эл насвайды тамеки сыяктуу эле көнүмүш адат катары чегишет.

Атын атагысы келбеген сатуучу Ош базарда он жылдан ашык насвай сатаарын айтып, буга тыюу салуу менен аны саттырбай коюу мүмкүн эместигин белгиледи. Ал ошондой эле, насвайга тооктун богу кошулат экен деген кептер суу кечпей турганын айтат.

"Жасаган насвайды өзүм да чегем. Анан кантип мен ага тооктун богун кошом. Бул болгону тамеки чыгарган ишканалардын насвай саткандарга карата жасаган бут тосуусу", — дейт ал. 

Бишкек шаарларынын базарларынын сатылган насвай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте насвайды сатууга тыюу салынат
Себеби, буга чейин ири тамеки фирмалары аларга келип, "чоң ишкана ачабыз, ошого барып иштегиле" деген сунушунан баш тартып коюшкан. Базардагы сатуучулардын айтымында, насвайды өндүрүштүк негизде чыгарганга болбойт. Анткени, ал тамеки сыяктуу көпкө сакталбагандыктан сапатын тез жоготот. 

"Насвайды жасаганда суу кошулат. Андыктан ал көпкө турса, кургап кетет", — дейт сатуучулар.

Алар насвайдын ден соолукка зыян экенин танышпайт, бирок ал тамекиге караганда жеңилирээк деп эсептешет. 

Насвай ооз көңдөйүнүн рагына алып келет

Насвай адамдын нерв системасын, эске тутуусун жана акыл эсине терс таасир берерин Республикалык наркологиялык борбордун дарыгер-наркологу Венера Асанбекова айтат.

"Өзгөчө, өспүрүм балдар чеккенде нерв системасынын бузулушуна алып келет. Алардын ойлонуусу, аң сезими, эс тутуму начарлайт. Алар көбүнчө урушчаак болуп, эч кимди жактырбай калат", — дейт ал.

Насвай оозго салынгандыктан ооздун рагына алып келе турганын дарыгер баса белгиледи.

"Биринчиден эле тиштин бүйлөлөрү сезгенип, тиштин эмалынын бузулушуна жана тиштин маалынан эрте түшүүсүнө алып келет. Тишти курт жейт, ооздун рагы, ооз көңдөйүнүн сезгениши — стоматитке алып келет", — деди Асанбекова.

Анын айтымында, наркология борборуна насвайдан жабыркап кайрылгандар боло элек. 

Насвай чеккендер эмне дейт

Насвай чегип жүргөндөрдүн айтымында, алар адат болуп калгандыктан чегишет. Аны көп көлөмдө чексе башты айлантып, кускуну келтирет. Көп жылдардан бери насвай чегип келген Мирбек аттуу жарандын айтымында, насвай тишти бир күндө эле саргартып жибергени болбосо өтө деле кооптуу эмес деген пикирде.

"Мен насвайды аз көлөмдө эле колдоном. Аны чеккенде эч кандай деле таасир бербейт, болгону адат болуп калган", — дейт ал.

Ошентсе да насвай чеккендердин пикири ар кандай. Өзүн Максат деп тааныштырган жаран, насвай анын тиш бүйлөлөрүн калыбына келтирип, тишке жармашкан таштардан арылткан. Бирок насвай чеккенде шилекейди түкүрө бергендиктен ашказанга, сиңирүү системасына өтө терс таасир берет дейт ал.

"Шилекей тамак сиңирүүдө абдан маанилүү. Насвай чеккен киши шилекейин бат-баттан түкүрүүгө туура келет. Андыктан биринчи кезекте ашказан жабыркайт", — деди Максат.

Эгер насвайды сатууга тыюу салынса, аны чегип көнүп калгандар кандай жол менен болсо да таап сатып алышарын айтат. Тыюу салуу менен анын сатылышын чектөөгө мүмкүн эмес. Тескерисинче анын көп сатылышын шарттайт. Себеби, тыюу салынган нерсенин баасы да өсүп, талап да көбөйөт дейт алар.

Баткендин насвайы…

Депутат спирт ичимдиктерин саат 22.00дөн кийин сатууга тыюу салууну сунуштады
Ош базарда сатылган насвайлардын бардыгы "Баткендин насвайы" деп сатылат. Анткени ага Баткенде өскөн гана тамеки кошулат. Сатуучулардын айтымында, насвайды өздөрү жасашат.

"Насвайды оңой эле жасап койгондой көрүшөт. Бирок, аны жасоо да чоң машакат, убакытты талап кылат. Эртең менен базарга алтыда келип, кечки саат сегиздерде кетебиз. Үйгө барганда, эртеңки базарга сатыла турчу насвайларды жасап, аларды кичинекей баштыктарга салабыз. Ошентип түнкү саат бир-экилерге чейин иштейбиз", — дейт атын атагысы келбеген сатуучу.

Ош базардын насвай саткан жеринде 20дай киши иштейт. Алар насвай саткандан байып деле кетпегендиктерин, болгону бул ишке жумуш жоктугунан барганын айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0