Баткендеги лагерлер балдарды кабыл алууга даяр эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековБаткен шаарынын балдары. Архив
Баткен шаарынын балдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым жетекчилердин жумушка болгон көңүл кош мамилесинен балдардын жайкы эс алуусу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Баткен облусундагы балдар лагерлери балдарды жайкы эс алуу үчүн кабыл алууга даяр эмес экенин вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева аталган аймакка болгон иш сапарынын учурунда билдирди деп кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы.

Ниязалиева иш сапарынын алкагында Баткен облусунун Лейлек районундагы "Алтын Бешик" жана "Тоо бүркүтү" лагерлеринде болуп, жалпы абал менен таанышты.

Натыйжада, "Алтын Бешик" лагеринин имараты капиталдык ремонтко муктаж экени аныкталган.

"Жайкы эс алуу үчүн 10-15 күн калганына карабастан, лагерлер балдарды кабыл алууга даяр эмес. Жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлбөгөндүктөн, жайкы эс алуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн", — деди вице-премьер.

Ниязалиева убакыттын чукул экенине карабастан, лагерлерди даярдоо үчүн бардык тынымсыз аракеттер көрүлүшү керек экенин белгиледи.

"Айрым жетекчилердин начар ишинен балдар жабыр тартпашы керек", — деди ал.

Мындан тышкары, вице-премьер Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагында жайгашкан Айбике айылындагы балдарды ысык тамак менен камсыз кылуу "Маданият" мектеби менен таанышып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0