Паркта ташталган ымыркайдын абалы канааттандырарлык

© flickr.com / sabianmaggyЫмыркайдын буту. Архив
Ымыркайдын буту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-майда Тынчтык проспектисинин боюндагы "Сүйүү паркынан" жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Баланы шаар тургуну көрүп, милицияга кабарлаган.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Паркта ташталган ымыркайдын абалы канааттандырарлык экенин Sputnik агенттигине үчүнчү балдар шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.

Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек паркына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти
30-майда эртең менинки саат сегизде Тынчтык проспектисинин боюндагы "Сүйүү паркынан" жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Баланы шаар тургуну көрүп, милицияга кабарлаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кичинекей кыз болжол менен эки күн мурун үй шартында төрөлгөн. Оролгон бала көчөдө канча жатканы белгисиз.

Өмүрбековдун айтуусу боюнча, баланы курсагын тойгузуп туруп таштап кетишкен. Ымыркайдын төрөлгөнүнө 6-7 күн болгон.

"Наристенин абалы канааттандырарлык. Баланын салмагы жана бою өз нормасында", — дейт дарыгер.

Учурда Октябрь РИИБ №4 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан ымыркайды кооптуу абалда калтыруу фактысы боюнча текшерүү аракеттери көрүлүп, кылмыш ишин козгоо жөнүндө маселе чечилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0