Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев каза болду

Жазылуу
Айыл өкмөтүнүн жетекчиси маркум Жеңишбек Райымбаев 3-июнда саат 10:00дө Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айылында жерге берилээрин айтты.

БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Кыргызстандагы эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев 1-июнда эртең мененки саат ондо каза болду. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жетекчиси Талант Орозбеков кабарлады.

Анын айтымында Жеңишбек бир айдан бери төшөк тартып жаткан.

"Жеңишбек бир айдан бери ооруп жаткан, ал эми эки күндөн бери такыр эле тамак ичпей калган. Аны врачтар ооруканадан чыгарып берип коюшкан эле. Башында шишиги бар болучу, андан сырткары кант диабети менен жапа чегип келген", — деди Орозбеков.

Жакында эле Социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев баспай калган Жеңишбекке коляска жасатып алып келип берип кеткен. Ал өзүнө жасатылган коляскага деле отурбаптыр. 

"Ал коляскага деле отурганга шайы келген жок. Кеч болуп калган. Сегиз ай мурда, буту сынганда эле алып келип бергенде балким, жакшы болмок", — деди ал.

Алма кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эң узун кыргызстандык Жеңишбекке өмүр бою стипендия берилмей болду
Айыл өкмөтүнүн жетекчиси маркум Жеңишбек Райымбеков 3-июнда саат 10:00 дө Көк-Жар айылында жерге берилээрин айтты.

 Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 28-майда Жеңишбекке социалдык колдоо көрсөтүү максатында ай сайын 10 миң сом өлчөмүндө стипендия төлөө боюнча жарлыкка кол койгон.

Жеңишбек Райымбаев 1979-жылдын 9-майда Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн. Боюнун узундугу 2 метр 32 см. болгон. Жети бир туугандын бешинчиси эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0