Сагынов: мен биринчи кезекте өз көз карашы бар адаммын

© Бактыбек МейманбековТаалайбек Сагынов. Архив
Таалайбек Сагынов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Замандаш" партиясынын саясый кеңеши Таалайбек Сагынов партия катарынан чыкканын жар салды. Сагынов партия ичиндеги өзгөрүүлөргө, "карама-каршылыктарга жана бир катар билдирүүлөргө" макул эместигин билдирди деп айтылат маалыматта.

БИШКЕК, 1 июнь — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин "Замандаш" фракциясынын экс-лидери Таалайбек Сагынов партиядан чыгуу чечимин түшүндүрүп жатып, активдүү жарандык позициясы бар адам катары Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкусу келерин, аны саясатсыз эле ишке ашырууга мүмкүн экенин айткан.

Портфель көтөргөн киши, Архив - Sputnik Кыргызстан
Ардамина менен Епифанцев Бишкек шаардык кеңештин катарынан расмий чыгышты
Дүйшөмбү күнү "Замандаш" партиясынын саясый кеңеши Сагыновдун партия катарынан чыкканын кабарлаган. Сагынов саясый уюмдун ички өзгөрүүлөрүнө, "массалык карама-каршылыктарга жана ар кыл билдирүүлөргө" макул эместигин билдирди деп маалымдашты саясий кеңештен.

Сагыновдун айтымында, партия ичинде бир тараптан экинчи тарапка өтүү олку-солкулугу башталды.

"Акыркы төрт жылдын аралыгында партия үч съезд өткөрүп, ар биринде программага да, партия түзүмүнө да өзгөрүүлөрдү киргизүү сунушталган. Акыркы съездде партиянын идеологиясы түп-тамырынан бери өзгөрүп кетти. Уюм түзүлүп жаткандагы ой-максаттар унутта калды. Мен күчүмдүн жетишинче алгачкы багытыбыздан жазбай иш алып барууга таасир этүүгө аракет кылдым, тилекке каршы, абалды жакшыртуу боюнча үмүтүм өчтү", — дейт экс-лидер.

Сагынов акыркы съездде жаңы программанын кабыл алынышына, уставдын өзгөрүшүнө каршы оюн билдиргенин кабарлады. Анын пикиринде, даярдалган документтердин мазмуну көптөгөн суроолорду жаратат. Программа кабыл алынганы менен мазмунунда көптөгөн карама-каршылыктар жана бир катар түшүнүксүз билдирүүлөр көп кездешет.

"Мен бүгүнкү күнгө чейин 2011-жылдын апрель айындагы V съездде кабыл алынгын партиянын уставы менен программасы, "Замандаш-Современник" деген аталышы партиянын ички маңызын көбүрөөк ачып берет деген ойдомун", — дейт Сагынов. 

Экс-депутат азырынча саясатка аралашпай туруу керек деген пикирде. Сагынов ойлонууга убакыт жетти деп эсептейт.

"Мен биринчи кезекте активдүү жарандык позицясы бар адаммын, ошол эле убакта үй-бүлөм кандай абалда күн кечип жатканын көргүм келет. Мамлекеттин өнүгүшүнө саясаты жок эле жардам берсе болот", — деп белгиледи экс-депутат. 

Сагынов өз алдынча саясый уюм түзбөй турганын, азырынча кайсы бир партиянын катарына кирүү туурасында ойлонуп жатканын кабарлап, учурда бир нече партиядан сунуш түшкөнү менен, чечим кабыл ала электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0