Сариев: чоочун бала болбой турганын ар бирибиз билишибиз керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар куурчак көрсөтмөсүн күтүп жаткан кези. Архив
Балдар куурчак көрсөтмөсүн күтүп жаткан кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга туура келтирүү боюнча активдүү аракеттер көрүлүп жатканын премьер кошумчалады

БИШКЕК, 1-июн — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев балдарды эл аралык күнү менен куттуктап, чоочун бала болбой турганын ар бирибиз билишибиз керек. Балдар биздин келечегибиз, — деди.

Анын айтымында, балдарды тарбиялоону, аларды коргоону ар бир жаран сезиши керек. Ошондой эле балдарды физикалык жана психологиялык зомбулуктан сактап, жетимдердин жана алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек.

"Балдардын тагдыры, алардын укугун коргоо жана адамдык сапат – коомду бириктирип турган негизги нерселер. Чоочун бала болбой турганын ар бирибиз билишибиз керек. Балдар биздин келечегибиз", — деди Сариев.

Атамбаев: балдардын эч нерседен кем болбой өсүшүнө биз милдеттүүбүз
Премьер-министр Кыргызстан балдардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга туура келтирүү боюнча активдүү аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Балдарды коргоонун эл аралык күнү жыл сайын 1-июнда белгиленет. Майрамды белгилөө 1949-жылы Парижде өткөн Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын конгрессинин чечими менен негизделген. Биринчи жолу 1950-жылы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0