23:31 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
51 0 0

Мекенчилдик сезимди, кыргыз элинин духун тарбиялоого кошкон салымы үчүн Жамал Сейдакматова Коргоо министрлигинин орденин алды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргыз эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованы Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев "Намыс" ордени менен сыйлаганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жамал Сейдакматова мекенчилдик сезимди, кыргыз элинин духун тарбиялоого кошкон салымы жана "Курманжан датка" тасмасында жараткан образы үчүн сыйланды. 

"Сиздин аткаруучулук чеберчилигиңиз эч кимде шек туудурбайт. "Курманжан датка" тасмасындагы ролуңуз аркылуу эненин жүрөгүнүн тереңдигин жана кыргыз аялынын чыныгы мүнөзүн ачып бердиңиз", — деди Кудайбердиев.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын февралында фильмди тарткандар жана башкы ролду ойногон артисттер да министрлик тарабынан сыйланган.

Тема боюнча

Эл баатыры Сооронбай Жусуев 90 жылдык юбилейи белгиленүүдө
Александр Жирков "Даңк" медалы менен сыйланды
Белгилер:
сыйлоо, Коргоо министрлиги, Абибилла Кудайбердиев, Жамал Сейдакматова

ЭҢ МААНИЛҮҮ