Кулов педофилияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнү сунуштады

Жазылуу
Кыргызстанда балдарга карата жасалган зордук зомбулуктар арбын кездешип жаткандыктан, абалды жөнгө салуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыгууда.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Ар-Намыс" фракциясынын жетекчиси Феликс Кулов педофилияны жаап-жашырган туугандары кошо жоопкерчиликке тартылышы керектигин жума күнкү фракция жыйынында айтты.

Депутат бул боюнча Кылмыш кодексине түзөтүү киргизүүнү сунуш кылды.

"Азыркы мыйзамдарда кылмыш иштеринде жаап-жашыргандыгы үчүн туугандары жоопкерчиликке тартылбастыгы белгиленген. Балдарга болгон зордук-зомбулукту жаап-жашырууда баардык туугандары жоопкерчиликке тартуу боюнча түзөтүү киргизүүнү сунуштайм", — деди Кулов. 

Буга чейин ЖКнын депутаттары педофилдерге карата катаал жаза — өлүм жазасын киргизүү демилгесин көтөрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0