Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Улуттук олимпиада комитетин жетектеди

© AFP / ANDREJ ISAKOVICКыргызстандын олимпиадалык курама тайпасы Сочиде. Архив
Кыргызстандын олимпиадалык курама тайпасы Сочиде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурат Саралиновдун каза болгонуна байланыштуу Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоо мөөнөтүнөн мурда болду.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Улуттук олимпиада комитетин жетектегенин аталган комитеттин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

КРдин Олимпиадалык курамасы Nike же Adidas фирмасынын кийимдерин кийет
Улуттук олимпиада комитетинин уставына ылайык, мекеменин президенти Олимпиадалык оюндар өткөндөн кийин төрт жылда бирден шайланат. Комитеттин буга чейинки президенти Мурат Саралиновдун каза болгонуна байланыштуу шайлоо мөөнөтүнөн мурда болду. 

Абдыкеримов аталган кызматка жалгыз талапкер болду. Анын талапкерлиги үчүн Улуттук олимпиада комитетиндеги 37 мүчөсү бир добуштан колдошту. Комитетте жалпысынан 44 мүчө бар.

Абдыкеримов депутаттык кызматы менен Улуттук олимпиада комитетинин президентинин милдетин чогуу алып кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0