Министр Максутов орун басары Чакиевдин кармалышы боюнча: мен бушайман болуп турам

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. Архив
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтуусу боюнча, Чакиев өзүн ишин мыкты билген, дайыма жаңы идеяларды сунуштап аны ишке ашырууга бардык аракеттерди көргөн кесипкөй катары көрсөткөн.

БИШКЕК, 29-май – Sputnik. Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов өзүнүн орун басары Максат Чакиевдин камакка алынышы ал үчүн оор сокку болгонун Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

28-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде министрдин орун басары, Туризм департаментинин директору Чакиев ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.

Максутовдун айтымында, ал министр болуп иштеген жети айдын аралыгында орун басары Чакиев өзүн жакшы жагынан гана көрсөткөн.

"Мен кызматка келгенден бери Максат өзүнүн ишин мыкты билген, дайыма жаңы идеяларды сунуштап аны ишке ашырууга бардык аракеттерди көргөн кесипкөй катары көрсөткөн. Чакиев менен биз "Көчмөндөр оюндарында" да бирге иш алпарганбыз", — деди министр.

Максутов Чакиевдин камалышын ошол эле күнү укканын маалымдады.

"Мага кечинде чалып айтышты. Түшкө чейин экөөбүз бир топ маселелер боюнча иш пландарды түзгөнбүз. Абдан күтүүсүз жана оор кабар болду. Азыркыга чейин бушайман болуп турам", — дейт министр.

Учурда Чакиев Бишкек ИИББдин убактылуу кармоо жайына камакта. Тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0