Болот Шамшиевдин баласына издөө салынды

© Любовь МукееваПрезиденттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиев. Архив
Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиевди сыртынын камакка алып, ага УКМК издөө салганын билдирди.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мурдагы ректору Чыңгыз Шамшиевге издөө жарыяланганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Архив: Студенттер лекциянын алдында. - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты
Март айында Улуттук коопсуздук боюнча комитети мурдагы ректорго карата Академиянын имаратын ашкана үчүн мыйзамсыз ижарага берген деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Мекемеден билдиришкендей, ал 14 миң 522 сом ижара акысынан тышкары 60 миң сомду ай сайын алып келген. Мындай жол менен ал мамлекетке 300 миң 632 сом зыян келтирген.

27-майда ал Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (ири көлөмдө акча талап кылуу) жана 304-беренеси боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) сыртынан айыпталган.

Кылмыш иши козголгондон бери Шамшиев тергөө органдарына барбай, чет жакка чыгып кеткен. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Чыңгыз Шамшиевди сыртынын камакка алуу боюнча өкүм чыгарып, ал издөөгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0