Акыркы коңгуроону өлкө боюнча 67 миңдей бүтүрүүчү белгилейт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМектепте акыркы коңгуроого даярдануу. Архив
Мектепте акыркы коңгуроого даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлиги бул күнү окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн коомдук жайларды кандайдыр бир майрамдарды уюштурууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өлкө боюнча быйыл болжол менен 67 миңдей бүтүрүүчү мектепти аяктай турганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жыл сайын 25-майда белгиленип келген акыркы коңгуроо салтанаты кышкы каникулдар узартылгандыгына байланыштуу быйыл 29-майга жылдырылган.

"Акыркы коңгуроодо" окуучуларды милиция кайтарат
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл тогузунчу классты 95 миңдей окуучу аяктап жатат.

Шаардагы 89 мектепти быйыл 11-классты 4864 окуучу аяктаса, тогузунчу классты 9340 окуучу бүтүүдө.

Аталган министрлик бул күнү окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн коомдук жайларда кандайдыр бир майрамдарды уюштурууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарды.

Шаардык ИИББден билдиришкендей, окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн 500дөй милиция кызматкери иштейт. Ошондой эле шаардык Жол кайгуул кызматы да жол коопсуздугун камсыз кылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0