Министрлик: окуучулар мектеп формасын кийүүгө милдеттүү, бирок мажбурлоо жок

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМектеп формасын тигүү. Архив
Мектеп формасын тигүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик сунуштаган форманы кийгиле деп мектептерди мажбурлабайт. Окуучуларды бир өңчөй кийим менен камсыз кылууну мектеп жетекчилиги жана айыл өкмөт башчысы биргелешип чечиши керек.

БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган мектеп формасын окуучулар кийиши керектигин Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Кыргызстанда 80 миңден ашык бала мектепке барбай, оор жумуштарда иштешет
Ал ошондой эле, кээ бир мектептин жетекчилери, райондук билим берүү башкармалыктары ата-энелер менен тыгыз байланышта иштебегендиктен форма боюнча түшүнбөстүктөр чыгып жатканын кошумчалады. 

Министрлик сунуштаган форманы мектептерге таңуулабай турганын айткан Сыдыкназарова, окуучуларды бир өңчөй кийим менен камсыз кылууну мектеп жетекчилиги жана айыл өкмөт башчысы биргелешип чечиши керектигин баса белгиледи.

"Мектеп формасын тигип бере турчу фирмаларды тандоону мектептин жетекчилерине, райондук билим берүү башкармалыктарына жана айыл өкмөт башчыларына өзүңөр сүйлөшүп чечкиле деп сунуштаганбыз", — деди ал.

Министрликти бизнес кылып атасыңар деп айыптагандар көп

Мектеп формасы боюнча министрликти бизнес кылып атасыңар деп айыптагандар четтен чыгат. Бирок Билим берүү министрлиги мектеп формалар кайда, канча сомдон сатылып жатканын көзөмөлдөбөй турганын Сыдыкназарова белгиледи.

"Биз болгону ушундай форма кийгиле деп сунуштап, анын үлгүсүн көрсөтүп, бекитип гана бердик. Аны ата-эне менен мектеп жетекчилиги уюштуруучулук негизде окуучуга сапаттуу форма тандап бериши керек", — дейт ал. 

Окуучулар мектеп формасын милдеттүү түрдө кийиши керек, бирок…

Мектепте мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектеп директорлору маянанын аздыгынан мугалимдер жетишпей жатканына арызданышты
Быйылкы жаңы окуу жылынан баштап, мектеп окуучулары милдеттүү түрдө мектеп формасын кийүүсү керек. Эгерде мектептин окуучулары былтыр форма тиктиришкен болсо, аларды министрлик сунуштаган форманы кийгиле деп мажбурлоо болбойт. Окуучулар бул формаларын эскиргенче кийип, билим берүү министрлиги сунуштаган мектеп формасына акырындык менен өтүшү керек. 

Ал ортодо ата-энелердин бардыгы эле министрлик сунуштаган мектеп формасын баласына сатып бере албайт. Алыскы Ат-Башы районунун тургуну Сагын Эмилбаева форманын баасы бир жарым миң сомдон жогору экенин айтат.

"Мектеп формасын бардык эле ата-эне сатып бере албайт. Алардын баасы 1,5 миңден жогору. Бир үйдө экиден, үчтөн баласын окуткандар бар. Үчөөнү тең форма менен камсыздаш оор. Андыктан окуу башталганда көпчүлүгү ак көйнөк жана кара шым сатып беришет. Бул кийимдер көптөн бери эле мектептин формасы болуп саналып калды", — деди ал.

Эмилбаева аталган райондо форма тигип беребиз деген тигүү цехтери өз кызматтарын сунуштап жатканын айтты. Башталгыч класстын формалары 1500 сомдон башталса, жогорку класстын окуучуларыныкы 2000 сомго чейин жетет. Ал эми мугалимдердин формасы аял-эркеги дебей 3000 сомдон. 

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жаңы конуштарында мектепке барбаган балдарды аныктоо башталат
Мектеп формасын кийбегендерге кандай чара көрүлө турганы окуу жылы жакындаганда айтыларын Кылым Сыдыкназарова белгиледи.

Конкурстук негизде тандалып алынган мектеп формасы 1-класстан 4-класска чейин, 5-класстан 9-класска чейин жана жогорку класстарга деп үчкө бөлүнгөн. Былтыр конкурстук негизде дизайнер Эльвира Султангазиеванын сунуштаган эскизи жеңүүчү деп табылып, министрлик аны үлгү катары сунуштаган. Анда эркек балдардын жана кыздардын формасы кандай болушу керектиги көрсөтүлүп берилген. Ага ылайык, кыздардын юпкасы тизеден ылдый беш сантиметр, балдардын костюму өтө ачык эмес түстө болушу керек.

Кыргызстандык окуучуну мектепке даярдоо канча турарын Sputnik инфографикасынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0