Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 16 жыл толду

© Фото / пресс-служба ГПС КРЧек арачылар. Архив
Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эгемендик алган соң 8 жылдан кийин гана кыргыз чек арачылары мамлекеттик чек араны өз алдынча коргоого өтүшкөн.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Алмазбек Атамбаев өлкөнүн чек арачыларын кесиптик майлам күнү жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 16 жылдыгы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент өз куттуктоосунда бул майрамда биз кыйынчылыктарга жана оор шарттарга карабай Кыргызстандын эгемендигин жана көз карандысыздыгын коргогондорго сый-урмат көрсөтөбүз деп баса белгилеген.

"Сиздердин кызматка ар дайым кесипкөйлүк талаптары гана эмес, руханий жана адеп-ахлактык жогорку талаптар дагы коюлуп келген. Учурда кесиптик даярдык, мекенчилдик, кайраттуулук жана өз милдетине берилгендик Кыргызстандын чек ара кызматын калыптандыруунун негизин түзөт", — деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Чек ара — адамдын мүнөзүн жана эркин сыноодон өткөрүүчү аймак
Кыргызстан эгемендик алган соң 8 жылдан кийин гана кыргыз чек арачылары мамлекеттик чек араны өз алдынча коргоого өтүшкөн. СССРдин урашы, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин түзүлүшү жана түптөлүшү мурдагы советтик аймакта жаңыча көз караштардын пайда болушуна өбөлгө түздү.

1999-жылы 28-майда "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө" президенттин Жарлыгы чыккан. Ага ылайык, мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу, эгемендикти, бүтүндүктү жана өлкөнүн кол тийбестигин камсыздоо максатында Кыргызстандын Чек ара кызматы түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0