Журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу фактысы боюнча Жаныш Бакиев күнөөлөнүүдө

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖурналист Сыргак Абдылдаевге берилген "Эрдик" медалы. Архив
Журналист Сыргак Абдылдаевге берилген Эрдик медалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Аскер прокуратурасы 2009-жылдын март айында журналист Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуу боюнча ишти тергеп бүтүп, Бишкек гарнизонунун аскердик сотуна жиберди.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу фактысы боюнча иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Депутат журналисттердин кийингенине, ары-бери басканына нааразы болду
Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, укук коргоо органдарынын мурдагы жетекчилери Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасы Жаныш Бакиев (сыртынан), УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Турдубек Алмаматов, ИИМдин кылмыш ишин иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Парманкулов, ИИМдин башкы башкармалыгынын жетекчиси Расулберди Раимбердиев, анын мурдагы орун басары Туратбай Уметов, ошондой эле, УКМКнын кызматкерлери Искендер Соодонбековго Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айып коюлду. Анын ичинде адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча да айыпталган.

Сыргак Абдылдаев 2009-жылы "Репортер-Бишкек" гезитинде иштечү.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын октябрында Сыргак Абдылдаевди кабыл алып, анын Курманбек Бакиевдин режиминин тушунда коррупциялык жана криминалдык схемалардын бетин ачуудагы кесиптик милдетин аткарып жатып көрсөткөн эрдиги жана активдүү жарандык позициясы үчүн мамлекеттик сыйлык – "Эрдик" медалын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0