08:14 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
76 0 0

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 80 миңден ашуун бала мектепке такыр барбайт же толук окубайт. Алардын көпчүлүгү тамак табуу айласын кылып, өзүнүн жаш-курагы үчүн оор болгон жумуштарда иштешет.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймактарында бала эмгегин эксплуатациялоого каршы бир айлыктын алкагында акциялар башталып, анын негизги катышуучулар жаштар экенин "Бала эмгеги колдонулбасын. Сапаттуу билим үчүн" долбоорунун медиа адиси Насира Баратбаева билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 80 миңден ашуун бала мектепке такыр барбайт же толук окубайт. Алардын көпчүлүгү тамак табуу айласын кылып, өзүнүн жаш-курагы үчүн оор болгон иштерди иштешет. 

"Бул өспүрүмдөр чала сабат жана билимсиз калуу менен, өз балалыгынан жана келечегинен ажыроодо. Бул болсо өлкөнүн да келечегине сөзсүз өз кедергесин тийгизет", — деди Баратбаева. 

Балдар эмгегине каршы күрөшүү бир айлыгынын алкагында Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарында иш-чаралар өттү. Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарынын жаштар борборлорунун ыктыярчылары "Бала эмгеги колдонулбасын. Сапаттуу билим үчүн" деп аталган флешмоб өткөрүштү.

Колдоруна шар, плакаттарды кармап, ыктыярчылар айыл-шаарлардын башкы көчөлөрүнөн өтүп, калк арасында балдардын эмгегин пайдаланууга каршы күрөш жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"Акциянын максаты — ата-энелер менен балдарга баланын эмгегин эксплуатациялоо деген эмне экенин, оор эмгек баланын ден соолугуна кандай таасир калтырарын түшүндүрүү", — дейт медиа адис.

1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүндө Ош облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында массалык акция өтүп, анын алкагында жаштар борборлорунун волонтерлору балдардын эмгегин эксплуатациялоого каршы жөө жүрүш жана асфальтка сүрөт тартуу боюнча конкурс уюштурат. 

Тема боюнча

Екатеринбургда жоголуп кеткен кыргызстандык Болсунбектин ата-энеси табылды
Интернаттагы балдардын жайкы эс алуусу үчүн өкмөт 5 миллион сом бөлөт
Белгилер:
балдарды коргоо, жаштар, акция, балдар, Насира Баратбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ