Айткулов: белгисиз бирөөлөр чалып, ойлон деп айтышты

Жазылуу
Жактоочу алдамчылыкка шектелген уулунун камалышын өзүнүн адвокаттык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жактоочу Икрамидин Айткулов уулу Азаматтын камалышы боюнча түшүндүрмө берип жатып, ага белгисиз бирөөлөр чалып, жасап жаткан аракеттери тууралуу ойлонуп көрүүсүн сунуштаганын билдирди.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Юрист Айткулов, зарыл болсо, уулун өзү жактоого даяр экендигин айтты
Жактоочунун баласы Азамат Айткулов 26-майда алдамчылыкка шектелип кармалган. Адвокаттын айтымында, өткөн шейшемби күнү Биринчи Май райондук соту Азаматты 18 күнгө, башкача айтканда, 13-июнга чейин камоого санкция берген.

Айткулов Sputnik агенттигине уулунун камалышы боюнча түшүндүрмө берип жатып, аны камакка алуунун зарылдыгы жок экенин, анткени, 166-берене (Алдамчылык) — үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган өтө оор эмес берене экенин белгилеп өттү.

"Уулум ишкердик менен алектенчү, ишин жолго коюу үчүн карызга 20 миң доллар өлчөмүндө акча алып, убагында кайрып бере албай калган. Ошол себептүү анын үстүнөн арыз жазылган", — деди Айткулов.

Жактоочу камакка алуу чечимин өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгү менен да байланыштырууда.

"Баламды жөн гана пайдаланып, бизге кысым жасоого аракет кылып жатышат. Буга инимдин бир тамеки компаниясы менен көп жылдан бери соттошуп жүргөнү себеп болушу мүмкүн. Мында мамлекеттик орган кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу сөз болуп жатат. Азаматтын камалышы — менин бир катар чуулгандуу иштердеги жактоочулук ишмердүүлүгүмө да байланыштуу болушу ыктымал", — деп кошумчалады Айткулов.

Анын айтымында, соттун чечими чыкканга чейин ага белгисиз бирөөлөр чалып Азамат Айткуловду кыска мөөнөткө камакка алуу санкциясы берилерин, андан кийинки мөөнөт ага каршы жазылган арыздын негизинде узартылышы мүмкүн экенин билдирген. 

"Чалгандар Азамат боюнча көрүлүп жаткан менин аракеттерим жөнүндө ойлонуп көрүүмдү айтты. Мен алгач бул кимдир-бирөөнүн тамашасы же опузасы деп ойлогом. Тилекке каршы, камоо үчүн санкция берилди", — дейт жактоочу.

Айткулов парламенттин мурунку депутаттарын жана айрым саясатчылардын жактоочусу катары коомчулукка белгилүү. Эки жыл мурун белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0