Укук коргоочулар биометрикалык маалыматтын чогултулушу боюнча Конституциялык палатага кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык уюмдардын өкүлдөрү биометрикалык маалыматты чогултуунун мыйзамдуулугун жана топтолгон маалыматты сактоо канчалык коопсуз экендигин билүү максатында арыз менен кайрылышкан.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Укук коргоочулар Токтайым Үмөталиева жана Нурбек Токтакунов биометрикалык маалыматтардын чогултулушу канчалык мыйзамдуу жана аларды сактоо канчалык коопсуз деген маселелер боюнча Жогорку соттун Конституциялык палатасына арыз менен кайрылышкан.

Биометрикалык маалыматтарды чогулткан мобилдүү топ заманбап техника. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев биометрикалык маалыматын тапшырбаган киши добуш бере албастыгын айтты
Учурда Конституциялык палата түшкөн арыздарды карап жатат.

Конституциялык палатанын сот отурумунда Жогорку Кеңештин атынан катышып жаткан өкүл Конституциялык палатанын соту Клара Сооронкулованы Токтайым Үмөталиева менен туугандык байланышы бар деп айыптап, бирок аны далилдеп бере алган жок. 

Сот процессине укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, Мамлекеттик каттоо кызматы, БШК, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0