ИИМ: Кыздарга жасалган зомбулуктун белгилери аныкталган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин шеврону. Архив
Милиция кызматкеринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспертизанын расмий жыйынтыгы шаршемби күнү жарыялана турганын министрлик билдирди.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча эки кичинекей кыз зордуктоого дуушар болгон эмес деп билдирди ИИМ маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыздарга зомбулук көрсөтүүгө байланышкан окуяны Турганбаев жеке көзөмөлүнө алды
Буга чейин "Балдардын укугун коргоо лигасы" КФ директору Назгүл Турдубекова дарыгерлер алдын ала текшерүү боюнча кыздар сексуалдык зомбулукка кабылганын билдиришкенин айткан. Бирок соттук медэкспертиза бул жыйынтыкты четке кагууда. Анын негизинде кылмышка шектүү адам — кыздардын өгөй атасы, камактан бошотулган. Кыздардын энеси ага эч кандай дооматы жок экенин билдирип, арызын кайтарып алган.

Шейшемби күнү Facebook социалдык тармагында Турдубекова кыздардын зомбулукка кабылышын аныктоочу экспертиза жүргүзүлүп жатканын жазып чыкты. 

ИИМ өкүлүнүн айтымында, эки кыз боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, эксперттер, балдардын ата-энесинин катышуусу менен экинчи ирет экспертиза өткөрүлгөн.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, зомбулуктун белгилери аныкталган жок. Экспертизанын расмий жыйынтыгы шаршемби күнү жарыяланат", — деди Осмонбаев.

Башкы врач Өмүрбеков: эки кызга жасалган сексуалдык зомбулук боюнча окуяда суроолор көп
Бишкек ШИИБ буга чейин №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековго жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопко тартыларын эскерткен. Sputnik агенттиги менен болгон маегинде башкы дарыгер эки кыз боюнча туура маалымат гана бере турганын белгилеген.

Анын пикиринде, текшерүү жыйынтыктарынын тууралыгын консилиум тастыктап турат. Кыздарды бир эле дарыгер эмес, ар тармактуу адистер текшерген.

№3 шаардык балдар ооруканасында акыркы төрт айдын аралыгында балдарга жасалган 11 сексуалдык зомбулук катталса, былтыр мындай жети окуя белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0