Балыктардын кырылышына себепчи болгон чочко ферманын ээсине 15 миң сом айып салынды

© Sputnik / Эркин АлымбековЧочко фермасы. Архив
Чочко фермасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районундагы бир нече көлмөлөрдөгү балыктардын жапырт кырылышы катталган. Алдын ала маалыматтарда чочко фермасынын калдыктары сууга кошулгандыктан балыктар жапырт ууланып, кырылып баштаган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Сокулук районундагы көлмөлөрдөгү балыктардын кырылышына себепчи болгон чочко фермасынын ээсине 15 миң сом айып салынганын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Сокулук району боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Борочоров Sputnik сайтына билдирди.

Борочоровдун айтымында, көлмөлөрдүн булганышы боюнча маалымат түшөөрү менен инспекциянын кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан.

"Көлмөлөрдөгү суудан экспертиза жүргүзгөнгө алышкан, жыйынтыгы 4-5 күндүн ичинде билинет", — деди ал.

Чочко фермасынын ээси Евгений Мартыновго КРдин административдик кодексине ылайык, протокол түзүлгөн.

"Эгер суунун курамында уулуу заттардын болгону аныкталса, аталган факты боюнча кылмыш иши козголот", — деди ал.

Борочоров бул окуяны Сокулук райондук прокуратурасы өз көзөмөлүндө кармап турганын жана экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң аталган иш боюнча аракеттерди көрө турганын кошумчалады.

Ууланган балыктарды жергиликтүү тургундар албаш үчүн учурда көлмөнүн айланасы тосулуп, корулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0