Таштанды жайга союлган малдын сөөктөрү да ыргытылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековНа мусорный полигон сбрасывают отходы забитого скота
На мусорный полигон сбрасывают отходы забитого скота - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык эрежелерге ылайык, союлган малдын сөөктөрү өзүнчө атайы жайларга көмүлүшү керек.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бишкек шаарына жакын жайгашкан таштанды жайга союлган малдын сөөктөрүн да ыргытып кетишүүдө. 

Санитардык талаптарга ылайык, союлган малдын сөөктөрү тиешелүү эрежелер катуу сакталып, өзүнчө атайы жайларга көмүлүшү керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарына жакын жайгашкан таштанды жайга союлган малдын сөөктөрүн да ыргытып кетишүүдө.
1/2
Бишкек шаарына жакын жайгашкан таштанды жайга союлган малдын сөөктөрүн да ыргытып кетишүүдө.
© Sputnik / Табылды КадырбековБүгүнкү күндө болжол менен 150гө жакын малдын сөөгү ыргытылган.
2/2
Бүгүнкү күндө болжол менен 150гө жакын малдын сөөгү ыргытылган.
1/2
Бишкек шаарына жакын жайгашкан таштанды жайга союлган малдын сөөктөрүн да ыргытып кетишүүдө.
2/2
Бүгүнкү күндө болжол менен 150гө жакын малдын сөөгү ыргытылган.

Аталган жайга жакын жашагандардын айтымында, 2015-жылдын февралынан тарта сөөктөрдү бул жерге таштай баштаган. Бүгүнкү күндө болжол менен 150гө жакын малдын сөөгү ыргытылган. 

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Самир Осмоналиев Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына, буга Бишкек шаардык мэриясы көзөмөл кылышы керектигин айтты.

"Бул суроо парламентте да көтөрүлгөн. Айтылган фактылар боюнча союлган малдын сөөктөрүн таштоого тыюу салынганы туурасында бир нече эскертме бергенбиз. Ал эми муниципалитет борбор калаада таштандыны кайра иштеткен завод курулгандан кийин гана таштанды иргелип жана жок кылынаарын шылтоо кылып келет", — деди ал.

Мэриянын маалымат кызматы азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0