Интернаттагы балдардын жайкы эс алуусу үчүн өкмөт 5 миллион сом бөлөт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүНа территории детской деревни. Архивное фото
На территории детской деревни. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын жыйыны Бишкекте өттү.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Оор шартта жашаган балдардын ден соолукту чыңдоо мекемелеринде эс алуусу үчүн 2015-жылы 5 миллион сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын жыйыны дүйшөмбү күнү вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын катышуусунда Бишкекте өттү.

Анын айтымында, өкмөт жетим жана оор шартта жашаган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга өзгөчө көңүл бурмакчы. 

"2014-жылы мамлекеттик интернаттардагы 1 245 бала жайкы лагерлерде эс алышкан. Бул жылы оор шартта жашаган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бюджеттен 5 миллион сом бөлүнөт", — деди Ниязалиева.

Ал ошондой эле, былтыр мектептердин алдында уюштурулган лагерлерге, балдардын чыгармачылык борборлоруна жалпысынан 58 миң бала келгенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0