14:04 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Балдарга жасалган зордук-зомбулук (42)
162 0 0

Окуянын тергелишин өкмөт башчы Темир Сариев, ички иштер министри жана акыйкатчы жеке көзөмөлгө алышкан.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Чүй облусунун ИИБдин тергөө бөлүмү эки өспүрүм кызды зордуктоо фактысы боюнча комиссиялык сот-медициналык экспертиза жүргүзүүнү дайындаганы жөнүндө акыйкатчынын маалымат кызматы билдирет.

Дарыгерлер менен сотмедэксперттердин мурдагы чыгарган тыянактары бири-бирине каршы келгендигине байланыштуу, өлкөнүн акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев компетенттүү, көз карандысыз медициналык адистерди тартуу менен комплекстүү экспертиза өткөрүүнү талап кылууда деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын жумушчу комиссия түзүлүп, жабыр тарткан эки өспүрүм кыздын стационардык дарылоодон чыгып кетишине жол берген дарыгерлердин иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу текшерилип жатат.

"Комиссиянын иш натыйжалары боюнча медициналык ката кетирген дарыгерлерге карата кылмыш ишин козгоо маселеси каралат", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя боюнча тергөөнү өкмөт башчысы Темир Сариев, ички иштер министри жана акыйкатчы жеке көзөмөлгө алышкан.

Мурдараак "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова дарыгерлер алдын ала кароодо эки кичине кызды өгөй атасы зордуктаган фактын ырасташкандыгын билдирген эле. Бирок сотмедэкспертиза кароонун натыйжаларын четке каккандыгына байланыштуу кылмышка шектелүүчү бошотулган болчу.

Тема:
Балдарга жасалган зордук-зомбулук (42)

Тема боюнча

ИИМ: энеси кыздарынын өгөй атасы тарабынан зордукталышы боюнча арызын кайта алды
Алты жаштагы кызды зордуктаган киши кармалды
Белгилер:
балдар, Назгүл Турдубекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ