Кара-Кулжада шамалдан зыян тарткандарга 1250 шыйпыр жиберилди

© Талант МамасалиевКара-Кулжа районуна 1250 шыйпыр учуп кетти. Архив
Кара-Кулжа районуна 1250 шыйпыр учуп кетти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү республиканын төрт облусунда болгон катуу шамалдан турак үйлөргө, электр зымдарга зыян келип, дарактар кулаган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна 1250 шыйпыр жөнөтүлдү деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан аймактарга министрликтин шыйпыр жүктөлгөн автоунаалары жиберилди. 

"ӨКМдин КамАЗ автоунааларына жүктөлгөн шыйпырлар Ош облусунун Кара-Кулжа районуна жөнөдү ", — деп билдирди аталган министрликтин маалымат кызматы. 

Жүк шамалдан жабыр тарткандарга тапшырылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы күндөрү шамалдан жабыр тарткан Нарын, Жалал-Абад, Баткен облусуна да еректүү жардамдарды жибермекчи. 

Бейшемби күнү кечинде болгон шамалдын кесепетинен Кара-Кулжа районундагы электр мамылары жана бактар кулап, бир топ үйлөрдүн чатырына зыян келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0