Сариев: транспорт министри менен Бишкек мэри иш күнүн жолдорду текшерүүдөн башташы керек

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо. Архив
Жол оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыдагы эки айдын ичинде оңдоого муктаж жолдор аныкталып, иштер жыйынтыкталышы кажеттигин белгилеп, керек болсо ишти 2 нөөмөттө жүргүзүү жагы каралсын деди премьер-министр.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министри жана Бишкек мэри иш күндөрүн жолдордун абалы жана тазалыктын сакталышын көзөмөлдөөдөн баштоосу керектигин премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жума күнкү жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле, алдыдагы эки айдын ичинде оңдоого муктаж жолдор аныкталып, иштер жыйынтыкталышы кажеттигин белгилеп, керек болсо ишти 2 нөөмөттө жүргүзүү жагы каралсын деди.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, жергиликтүү бюджеттен каржыланган жолдор өтө начар акыбалда. Бул багытта кошумча түрдө 1 млрд. сомдон ашуун каражат табылды", — деди Сариев.

Ал эми губернатор жана мэрлерге каражаттын натыйжалуу сарпталышын жана курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу милдети жүктөлө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0