Жеке менчик бала бакчалар менен медициналык мекемелер салыктан бошотулду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке менчик бала бакчалар жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер пайда салыгынан, КНСтен жана сатык салыгынан бошотулду.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жеке менчик бала бакчалар менен медициналык мекемелер салыктан бошотуу боюнча мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты — мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0