Депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганынын кылмыш иши сотко жиберилди

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганынын кылмыш иши сотко жиберилди
Депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганынын кылмыш иши сотко жиберилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү алардын үйүнө былтыр 31-августта белгисиз бирөөлөр келип, үй ээсин сабап, коркутуп, ири суммадагы акчасын алып кеткенин билдиришкен. Алар бул кол салууну ошол убакта прокутарурада иштеген Канжар Кадыралиев уюштурган деп маалымдашкан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Прокуратуранын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин иши сотко жиберилгенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

27-мартта, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Кадыралиевдин баш коргоо чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин кабыл алган. 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун сот коллегиясы биринчи инстанциянын токтомун жокко чыгарып, Кадыралиевге карата камакта кармоо чарасын үй камагына алмаштырган. Бирок Жогорку соттун сот коллегиясы Кадыралиевди бир ай камакка алуу чечимин чыгарган.

Кишен - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Кадыралиеванын бир тууганына издөө салынды
Учурда аталган кылмыш иши соттун кароосунда экенин башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү алардын үйүнө 31-августта белгисиз бирөөлөр келип коркутуп, үй ээсин сабап, ири суммадагы акчасын алып кеткенин билдиришкен. Алар бул кол салууну ошол убакта прокутарурада иштеген Канжар Кадыралиев уюштурган деп маалымдашкан.

Белгилей кетсек, Кадыралиев тергөө органдарынын чакыруусу боюнча келбегендиктен, Ош облусунун соту 18-ноябрда Канжар Кадыралиевге карата сыртынан өкүм чыгарып, анын баш коргоо чарасын камакка алууга алмаштырган болчу.

Март айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиев өз ыктыяры менен Башкы прокуратурага келген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0