Белгилүү журналист Кенжалы Сарымсаков дүйнө салды

© Елена ВоронинаЖурналист Кенжалы Сарымсаков. Архив
Журналист Кенжалы Сарымсаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгү Сокулук районундагы Төмөнкү Орок айылында жерге берилет.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Белгилүү журналист Кенжалы Сарымсаков 76 жашында узак оорудан каза болду. 

Ал 1939-жылы 5-мартта Чүйдөгү Мураке айылында төрөлгөн. Сарымсаков көп жылдар бою теле-радиодо, маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде иштеген.

Кийин ардактуу эс алууга чыккан соң жаш журналисттерге кеп-кеңештерин берип, кесиптик тажрыйбаларынан үйрөтүп, кыргыз тилинин көйгөйлөрүнө байланыштуу талкууларды уюштуруп келген.

Кенжалы Сарымсаковдун сөөгү 22-майда Сокулук районундагы Төмөнкү Орок айылында жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0