Кыргыз жана Өзбек чек арачыларына куралды колдонуу тартибин түшүндүрүшүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомат кармаган кызматкер. Архив
Автомат кармаган кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек бөлүгүндө кырдаал салыштырмалуу тынч деп бааланууда.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргыз—Өзбек чак арасында болгон окуя боюнча сүйлөшүүдө тараптар чек ара кызматынын жоокерлеринин арасында курал колдонуу тартиби жөнүндө түшүндүрүү-профилактикалык иштерин өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Премьер кыргыз-өзбек чек арасында болгон жаңжалды обьективдүү иликтөөнү тапшырды
КРдин Айдаркен аймагы жана Өзбекистандын Кувасай аймагы боюнча чек ара кызматынын өкүлдөрү дүйшөмбүдө Өзбекстандын Япаги жергесинде жолукту.

Тараптар Каптархана деп аталган жерде өзбек чек арачылары Кыргызстандын эки жаранын атып жарадар кылган окуянын жагдайларын такташты.

Кыргыз тарап аскер кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч туулбаган шартта ок атуучу куралды колдонууга жол берилбеши керектигин билдирип, өзбек тараптан чек ара бузуучуларды кармоодо алар каршылык көрсөткөнүнө карабай, КР чек арачылары эл аралык макулдашууларды сактоо менен, аларга каршы курал колдонбогон учурларды эске салды. 

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар окуяны териштирип жана чек ара кызматынын жоокерлеринин арасында курал колдонуу тартиби жөнүндө түшүндүрүү-профилактикалык иштерди өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Мамлекеттик чек ара аркылуу транзиттик өтүү тартиби боюнча профилактикалык иштер эки өлкөнүн тең чек ара аймагындагы тургундары арасында жүргүзүлмөкчү.

Азыр мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек бөлүгүндө кырдаал салыштырмалуу тынч деп бааланууда.

Архив: Райимберди Дуйшенбиев - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөмбиев: чек араны бекемдөө – комплекстүү иш алып барууну талап кылат
Октон жарадар болгон кыргызстандыктар Кызы-Кыя шаарынын бейтапканасында, алардын абалы канааттандырарлык.

Мурдараак Чек ара кызматы  19-май күнү өзбек чек арачылар ок атуучу курал колдонуусунун натыйжасында Кыргызстандын эки жараны жарадар болгон.

Аталган ведомствонун маалыматы боюнча, КРдин жараны өз автоунасы менен Өзбекстандын жери аркылуу өтүүчү жол менен Кадамжайдан Кызыл-Кыя шаарына бара жаткан. Жолдон Өзбекстандын Фергана районундагы Каптархана айылында ал токтоп, эки кыргызстандык аялды унаасына отургузган.

Айдоочу өзбек чек арачыларынын машинанын токтотуу аракетиндеги талабына баш ийген эмес. Буга жооп кылып алар ок атышып, натыйжада КРдин эки жараны жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0