Ошто Кыргызстан жана Россия элдеринин тарыхы талкууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Россиянын желеги. Архивное фото
Кыргызстан менен Россиянын желеги. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талкуу өнөр жай, маданият, саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, Кыргызстанды изилдөөдөгү орус окумуштууларынын салымы жана ошондой эле бүгүнкү коомдогу социалдык-экономикалык жана педагогика илимдеринин ордун жана маанисин аныктоо боюнча жүрөт.

Бишкек, 19 май — Sputnik. Ош шаарында 25-майдан 27-майга чейин кыргыз-орус мамилелеринин тарыхына арналган иш-чаралар өтө турганын “Единство” коомдук фонду маалымдайт.

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада апрелдин ортосунда Шабдан баатырга арналган конференция өтөт
Кыргызтан жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын тарыхчылары, эксперттер, саясат таануучулар, эки өлкөнүн коомдук уюмдарынын өкүлдөрү тарыхый фактыларга, документтерге таянуу менен,  тарыхый процесстин жагымдуу учурларын, кыргыз-орус мамилелеринин ар тармактуу өнүгүшү жана чыңдалышы тууралуу талкуулашат.

Талкуу өнөр жай, маданият, саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, Кыргызстанды изилдөөдөгү орус окумуштууларынын салымы жана ошондой эле бүгүнкү коомдогу социалдык-экономикалык жана педагогика илимдердеринин ордун жана маанисин аныктоо боюнча жүрөт.

“Единство” коомдук фондунун аткаруучу директору Олег Сернецкийдин айтымында, жашоодо адам баласы унутпай турган баалуулуктар бар.

“Оштогу иш-чаралардын баары “Биз унутпайбыз – биз сыймыктанабыз” деген ураан алдында өтөт. Муну менен биз кыргыз-орус мамилелеринин көп жакшы учурлары болгонун, бул өзгөчө Улуу Ата мекендик согуш жана андан кийинки мезгилде таасын байкалганын белгилегибиз келет. Саясий кызыкчылыктан улам тарыхтын бурмаланышына каршылык көрсөтүү оюбуз да бирдей”, — деди Сернецкий.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу мамилелердин тарыхын чагылдырган көргөзмө өтөт. Мындан тышкары, россиялык жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү тарабынан Ош ЖОЖдорунун студенттери менен окутуучулары, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептердин тарых мугалимдери үчүн лекциялар окулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0