Депутат: жука желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Таштанды таштоого тыюу салынат" тактачасы. Архив
Таштанды таштоого тыюу салынат тактачасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика аймагында полиэтилен баштыктарын өндүргөн 34 ишкана бар. Желим баштыктар болжол менен 200 жылга чейин чирибейт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева желим баштыктар арзан жана ыңгайлуу болгону менен айлана-чөйрөнүн көркүн бузуп,экологияга зыян тийгизип жатканын айтып, анын алдын алуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамдын максаты — экологияны булгай турган товарларды импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу.

Президент таштандыны ой келди таштагандарга айып салууну жактырды
Республика аймагында полиэтилен баштыктарын өндүргөн 34 ишкана бар. Желим баштыктар болжол менен 200 жылга чейин чирибейт. Ал эми балык уулоого багытталган кытайдан чыгарылган синтетикалык торлор суу астында 50-100 жылга чейин жатаарын жана уулу зат бөлүп чыгарарын депутат өз сөзүндө белгиледи.

Эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун колдоого алып, анын ордуна кагаз баштыктарды өндүрүү же сатып алууну жолго коюу, же болбосо көп ирет пайдалануучу сумкаларды пайдалануу керектигин айтышты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Ошондой эле, бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюла турган болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0