Окумуштуулар илбирстин саны азайып бара жатышына тынчсызданууда

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илбирсти жок болуп кетүүдөн сактап калуунун негизги шарты болуп бардык мамлекеттик бийлик органдарынын бирге иштеши эсептелет деген көз карашта Жусупбаева.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык окумуштуулар илбирсин саны кыскарып бара жатышына тынчсызданат деп билдирди дүйшөмбүдө Кыргызстандын президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын (КРПБМА) маалымат кызматынан.

"Илбирсти жана анын экосистемсын сактап калуу боюнча глобалдуу программаны ишке ашырууда Кыргызстандын мамлекттик органдарынын ролу: сыноолор жана мүмкүнчүлүктөр" деп аталган илимий-практикалык семинар 16-майда КРПБМАда өттү. Анда биология илимдеринин кандидаты, академиянын ана окутуучусу Айгүл Жусупбаева доклад жасады.

Анын айтымында, Кыргызстан илбирс жашоочу аймакты түндүк жана түштүк тарапка бөлүп турат жана эки ири аймакты туташтырып туруучу ичке тилке болуп эсептелет. Себеби жаныбардын дүйнөдөгү жалпы санынан 5,7 пайызы кыргыз жеринде жашайт эмеспи.

"Кыргызстанда ак илбирстин жоголуп кетиши бул жандыктын жашаган бүтүн ири аймагы экиге ажырап калышына алып келет", — дейт окумуштуу.

Анын пикиринде, жапайы жаныбарларды бир эле түрү жердеген чөйрөнүн бузулушу Кызыл китепке киргизилген көп сандагы айбанаттар үчүн оркунуч жаратат.

Ак илбирсти республикада сактап калуу үчүн жергиликтүү коомчулукту аны коргоого тартып, адам мене жапайы жаратылыштын ортосундагы келишпестикти жеңилетип жана чөйрөнү башкаруу талап кылынарын белгиледи Жусупбаева.

"Браконьерликке жана мыйзамсыз соода-сатыкка каршы күрөшүү, чек аралар аралык көзөмөл жана ченемдер менен талаптарды аткаруу зор мааниге ээ", — дейт окумуштуу.

Илбирсти сактап калуунун негизги шарты болуп өз убагында чаралар көрүлүшү үчүн бардык мамлекеттик бийлик органдарынын үзгүлтүксүз тыгыз байланышы эсептелерин баса белгиледи Жусупбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0