Бишкекте аба менен жүк ташуу боюнча Борбор Азиядагы алгачкы форум өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропорттун кызматкерлери учак алдында. Архив
Аэропорттун кызматкерлери учак алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азия боюнча иштегендерди камтыган иш-чарага логистикалык компаниялардын, аэропорттордун өкүлдөрү келди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун" "Манас-2" аэровокзалдык комплексинде 21-майда аба менен жүк ташуучулардын евразиялык интеграцияга кошулушу боюнча форум өтөт. Бул туурасында аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Кулбатыров: шаардын башкы планына ылайык, Ош аэропорту башка аймакка көчүрүлөт
Борбор Азия аймагында иштегендерди камтыган иш-чарага логистикалык компаниялардын, аэропорттордун өкүлдөрү катышып, бир күн бою бул жааттагы маселелерди талкуулашат.

Аталган форумдун алкагында "Манас" эл аралык аэропорту" жүк ташуучуларга заманбап инфраструктураларды колдонуу менен жүк ташуунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт. 

Андан сырткары логистикалык компаниялардын, аэропорттордун жана жүк ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0