ЖК комитети Кыргызстандагы диний кырдаалды талкуулайт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЧетки верующего. Архивное фото
Четки верующего. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК комитети Германия элчилиги менен биргеликте Кыргызстандагы диний кырдаал боюнча жыйын өткөрөт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Германиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргелешип диний жагдай боюнча жыйын өткөрөт.

Талкуу "КРдеги учурдагы диний абал: көйгөй маселелер жана аны чечүү жолдору"деп аталат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Ага Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев, Кыргызстандын муфтийи, Православ орус чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын жетекчиси жана диний боюнча эл аралык эксперт катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0