Бүгүн кечинде Киркоров, Басков, Жасмин "Ала-Тоо" аянтында концерт берет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЫрчылар Филипп Киркоров жана Николай Басков. Архив
Ырчылар Филипп Киркоров жана Николай Басков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин "Ала-Тоо" аянтында 16-майда Энелер майрамына карата концерт берет.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Эстрада жылдыздары Бишкекте кандай аба ырайы болсо да концерт коюшат деп билдирди Sputnik маалымат агенттигине Бишкек мэриясынан. 

Ош шаарында Энелер күнү белгиленет
Россиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин "Ала-Тоо" аянтында 16-майда Энелер майрамына карата саат 19:00дө концерт берет.

ӨКМ дем алыш күндөргө катар шашылыш билдирүү таратып, күндүн көзү бузулаарын кабарлаган. Бирок, артисттер буга карабастан элге концерт беришет.

Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2012-жылы бекитилип, ал май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет. Концерт мамлекет башчысынын көмөгү менен өтүп жатат, каалоочулар бекер кире алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0