Атамбаев: ушул күнү ар кимибиз өз энелерибизди эстейли

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди куттуктады. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерди куттуктады. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энелер күнүн майрамдоо алдында президенти Алмазбек Атамбаев салтанаттуу аземдин жүрүшүндө өлкөнүн көп балалуу энелерди куттуктап жана "Баатыр эне" ордендери менен сыйлады.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Мамлекет башчысы өлкөнүн бардык облустарынан келген баатыр-энелерди Кыргызстанда быйыл 17-майда майрамдалуучу келе жаткан Энелер күнү менен куттуктады.

"Эне – адам баласы үчүн ыйык сөз. Бул сөз бардык тилде бирдей назик айтылат. Ушул күнү ар бирибиз өз энелерибизди ойлойлук, эстейлик. Бул майрам – энелерибизге ыраазычылык билдирүүгө өбөлгө болсун. Энелерибизге белек алып, үйүнө барып куттуктап, небере-чөбөрөлөрүн жыттатып, кубаныч тартуулоого, жок дегенде энеге телефон чалып куттуктоого себеп болсун", — деди президент Атамбаев. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАталган "Баатыр эне" ордендери
Аталган Баатыр эне ордендери - Sputnik Кыргызстан
1/3
Аталган "Баатыр эне" ордендери
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев энелерге каалоо-тилектерин айтып, чың ден-соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана берекет каалады.
2/3
Атамбаев энелерге каалоо-тилектерин айтып, чың ден-соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана берекет каалады.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭне – адам баласы үчүн ыйык сөз.
Эне – адам баласы үчүн ыйык сөз. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Эне – адам баласы үчүн ыйык сөз.
1/3
Аталган "Баатыр эне" ордендери
2/3
Атамбаев энелерге каалоо-тилектерин айтып, чың ден-соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана берекет каалады.
3/3
Эне – адам баласы үчүн ыйык сөз.

Ал энелерди ар дайым эстеп, учурунда барк-баасын билүүнү айтты.

"Көп учурда, күндөлүк түйшүк менен алек болуп, энелерибизге ойдогудай көңүл бурбайбыз. Аны энебизден ажыраганда гана так түшүнөбүз. Кеч түшүнөбүз… Өтүп кеткен энелерибиздин жаркын элесин эстейли… Далай оорчулукту баштан кечирип, бизге тартуулаган жашоо үчүн ыраазычылык билдирели. Ар бирибиз кетирген катачылыкты моюнга алып, апаларыбыздан кечирим сурайлы", — деди мамлекет башчысы.

Ал Баатыр энелерге каалоо-тилектерин айтып, чың ден-соолук, бакыт-таалай, ынтымак жана берекет каалады.

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0