Ош шаарында Энелер күнү белгиленет

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаары майрам убагында. Архив
Ош шаары майрам убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында апалардын күнү белгиленип, ал майрамдык салтанаттар менен коштолот.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы Энелер күнүнө карата майрамдык салтанат уюштуруп жатат. Ага Ош шаарындагы 300дөн ашуун баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар, калаа жетекчилиги жана вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышат.

Иш-чаранын алкагында энелерге баалуу белектер тапшырылып, эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа тартууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0