Кыргызстанда террористтик үч уюмдун ишине тыюу салынды

© AFP / TAUSEEF MUSTAFA"Ислам мамлекетинин" желегин кармаган демонстранттар. Архив
Ислам мамлекетинин желегин кармаган демонстранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук прокуратурасынын жазган арызын карап чыккандан кийин аталган облустун соту Кыргызстандын жарандарына кооптуулук жараткан террористтик жана экстремисттик үч уюмдун ишине тыюу салган чечим чыгарды.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош облустук соту "Фронтан-Нусри" же "Жабахат-ан- Нусра", "Катибат аль-Имам аль Бухари", "Жаннат Ошиклари" террористтик жана экстремисттик уюмдарынын Кыргызстанда иш жүргүзүүсүнө тыюу салды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. 

Террористтик жана экстремисттик иш-аракеттери үчүн ушундай эле чечимди "Ислам мамлекети" боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарып, бүтүндөй республика боюнча анын ишине тыюу салган. 

Флаг сторонников Исламского государства Ирака и Леванта - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети" террордук уюмуна Кыргызстанда тыюу салынды
2015-жылдын 27-февралында Ош облустук прокуратурасы Ош облустук сотуна Кыргызстандын ичинде Фронтан-Нусри" же "Жабахат-ан-Нусра", "Катибат аль-Имам аль Бухари", "Жаннат Ошиклари" террористтик жана экстремисттик уюмдарынын ишине тыюу салуу боюнча арызы менен кайрылган. 

Аталган уюмдар Иракта 2006-жылы түзүлүп, ага "Аль-Каида" уюмунун жергиликтүү жетекчиси башында турган 11 террористтик уюм кирген. 

Кыргызстандык тиешелүү кызматтар аталган уюмдардын топтору Кыргызстандын жарандарын Сирия — Ирак согуш аймагындагы террористтик аракеттерге тартуу үчүн үгүттөө иштерин жасап, азгырып жүргөндүгүн аныкташкан. Алар Кыргызстанга кайтып келгенден кийин өлкөнүн аймагында мыйзамсыз иштерди жасап, коомчулукка коркунуч жаратып келишет. 

Расмий маалыматтар боюнча Сирияга кеткен 339 кыргызстандыктын ичинен 50гө жакыны аялдар. Алардын арасында үй-бүлөсүн кошо алып кеткендер да бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0