Ошто балдарды сүннөткө жапырт отургузуу башталды

© пресс-служба Ошского областного казыятаОш шаарындагы "Сулайман-Тоо" медресесинин кызматкери. Архив
Ош шаарындагы Сулайман-Тоо медресесинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында түркиялык ишкердин демөөрчүлүгү менен эки күн бою балдарды сүннөткө отургузуу өткөрүлөт.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" медресесинде жаш балдарды массалык сүннөткө отургузуу боюнча эки күндүк иш-чара башталды. 

Бул иш-чараны Түркиядан келген хирург дарыгерлер жасап жатышат. Алар бир күндө отузга жакын баланы отургузуп жатат.

"Сүннөткө отургузуу заманбап шарт менен жасалып жатат. Былтыр да мындай иш-чарада 350 бала сүннөткө отургузулган", — деп билдирди Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы. 

Бул иш-чара андан ары Өзгөн району, Жалал-Абад жана Баткен облустарында улантылмакчы. 

Маалымат кызматы балдарды отургузуу ишине түркиялык ишкер Мехмет Өз Түрк демөөрчүлүк кылып жатканын билдирди. Иш-чарага Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, Ош шаарынын казысынын орун басары Анасхон Ташхожаев,  Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчисинин жардамчысы Мустафа Шамбер жана шаардык кеңештин депутаттары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0