Sputnik журналисти жүргүнчү түшүп калган автобустун айдоочусун тапты

© Sputnik / Эркин АлымбековАвтобустун айдоочусу Канатбек Анарбаев менен пенсионер Валентина Пермякова
Автобустун айдоочусу Канатбек Анарбаев менен пенсионер Валентина Пермякова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя шейшемби күнү саат 15.30 чамасында болгон. Жүргүнчүнүн кокус түшүп калышына жол берген айдоочу улгайган аялга жардам көрсөтпөстөн, окуя болгон жерден кетип калганын мурдараак Бишкектин МИИБ ЖКК маалымат кызматы билдирген эле.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Sputnik кабарчысы жол окуясы болгон жерден жашырынып кетти делген айдоочуну өзү тапты.

Таш-Көмүрдө автоунаа жардан кулап кетип, үч киши каза болду
Окуя Бишкекте шейшемби күнү саат 15.30 чамасында болгон. Такталган маалымат боюнча, пенсионер Валентина Пермякова Аскер шаарчасынын аймагында №38-маршруттук автобустан түшүп кетип, жамбаш сөөгүн кокустатып алган. Жол күзөт кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, "такталбаган машинанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен".

Автобустун айдоочусу Канатбек Анарбаев Sputnik кабарчысы менен болгон маекте жашырынып калды деген маалыматты четке какты.

"Мен апага өйдө турганга жардам бердим. Баары жайында экенине ынандым. Бирок мен график менен иштейм да, маршрутту аягына чыгарышым керек. Ошондуктан кайра жолумду улантууга аргасыз болдум. Эртеси эртең менен болсо кайра ишке чыктым. Эч кимден жашырынган эмесмин", — дейт Анарбаев.

Автобустун айдоочусу шаршемби күнү жабыр тартуучуга өзү телефон чалып, материалдык жардам көрсөтүү үчүн жолугууну сунуштаган.

Чүй проспектисинде беш автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды
Белгиленген жолугушууда тараптар пенсионер Пермякова милицияга арыз жазбайт, ал эми айдоочу Анарбаев анын дарылануусуна кете турган каражатты толук төлөп берет деп макулашкан.

Мурдараак Бишкектин башкы ички иштер башкармалыгынын жол күзөт кызматы окуяга күбө болгондорду жана ал жөнүндө кандайдыр маалыматы барлардын баарын 0 (312) 532-233, 0 (701) 102-652 же 102 телефонуна кайрылууну өтүнгөн. 

Тартип сакчылары кылмыш белгиси жок жол окуясы болгон жерди таштап кеткендик үчүн административдик мыйзамдар тарабынан унаа каражатын айдоо укугунан төрт жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу же 10 миң сом көлөмүндөгү айып салуу жазасы каралгандыгын эскерткен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0