Исабеков: быйыл Орто-Токойдо суу жетиштүү болот

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суу чарба жана мелиорация департаментинен эгерде жаан-чачын ушундай тездик менен жаап турса, майдын соңунда Орто-Токой суу сактагычына жетиштүү суу топтоп алууга болорун билдиришти.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Быйыл Орто-Токойдо суу сактагычында суу жетиштүү эле болот. Мындай маалыматты Суу чарба жана мелиорация департаментинин төрагасынын орун басары Тилек Исабеков билдирди. 

Орто-Токой суу сактагычында быйыл да суу аз
Буга чейин Орто-Токой айыл аймагынын башчысы Байышбек Кутманов Орто-Токойдо быйыл да суу тартыш болушу мүмкүн экенин маалымат булактарынын бирине билдирген. Бул туурасында маалыматты "Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы таратты. 

Исабековдун айтымында, Орто-Токой суу сактагычында быйыл суу тартыш болбойт. Анткени үстүбүздөгү жылдын апрель-май айы жаанчыл болуп жаткандыктан, учурда суу сактагычка ченеминен ашыкча суу кирип жатат. 

"Учурда Орто-Токой суу сактагычына секундасына 27,5 куб суу кирип жатса (өткөн жылдын ушул маалында 13 куб суу кирип жаткан), сыртка чыккан суунун көлөмү 30 кубду түзөт. Анткени агып чыккан сууну биз Чүй өрөөнүнө берип жатабыз. Чүй өрөөнүнүн 40 пайызы сууну Орто-Токойдон алат. Ошол эле учурда агып чыккан суудан Тоң району да пайдаланып жатат",— деди Исабеков.

Ал тоонун суусун болушунча сугат иштеринде пайдаланууга аракеттенип жаткандыгын, жаан-чачын ушундай жаап турса май айынын аягында Орто-Токой суу сактагычына толук сууну толтуруп алуу пландалганын кошумчалады.

Учурда Орто-Токой суу сактагычында 425 миллион куб метр суу бар, ал эми анын сыйымдуулугу 470 миллион куб метрге жакын.

Жаңылыктар түрмөгү
0