11:57 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
27210

Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвага кеткен согуштун 13 ардагери Кыргызстанга кайтып келди. Алардын үчөө Кызыл Аянттагы аскердик парадга катышкан.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 9-майда Москва шаарына барган кыргызстандык ардагерлер кайтып келишти. Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы ардагерлердин ичинен Кызыл аянттагы аскердик парадга катышкан аксакалдардын бири, Ош шаарынын жашоочусу Сатымкул Садыков менен сүйлөштү.

Сатымкул Садыков Москва шаарындагы Кызыл Аянттагы аскердик парад, РФ президенти Владимир Путиндин кабыл алуусу жөнүндө айтып берди. 

"Мага аскердик парадда өзгөчө жакканы аскердик техникалар болду. Алардын канчалык күчтүү, заманбап экендигин көрдүм. Аскерлердин бирдей кыймылда Кызыл аянттан өткөнү биздин жоокердик кезди эске салды. Мен согуш бүткөн Жеңиш күнүн кайрадан эстедим", — деди Сатымкул Садыков аксакал.

Аскердик парад бүткөндөн кийин, Россиянын президенти Владимир Путин согуштун катышуучуларын Георгий залында кабыл алгандыгын айтып берди.

"Кремлдин Георгий деген чоң залында Россиянын президенти Путин башка өлкөлөрдөн келген бардык согуш ардагерлерин кабыл алды. Биз майдандаш жолдоштор менен кезигип, согушту бир сыйрадан эске салдык. Кыргызстандык ардагерлер бирдей калпак кийип бардык эле. Залда башка өлкөлөрдүн президенттери менен кошо отурган Алмазбек Атамбаев бизге келип, биз менен кошо болуп, бизди дагы бир ирет куттуктады", — деп айтып берди ардагер Садыков.

Кыргызстандык ардагерлер Москва шаарында беш күн болушту. Түрдүү иш-чараларга жыш толгон бул күндөрдө алар Жеңиштин 70 жылдык юбилейине арналган салтанаттардан тышкары маданий эс алуу, таанышуу иш-чараларына да катышты. 

  • Москвалыктар кыргызстандык ардагерлерди көчөдөн, эс алуу жайларынан көргөндө сый-урмат менен мамиле кылышты.
    Москвалыктар кыргызстандык ардагерлерди көчөдөн, эс алуу жайларынан көргөндө сый-урмат менен мамиле кылышты.
    Жылдыз Осмонова
  • Бейтааныш эле адамдар аксакалдар менен эстеликке сүрөткө түшүп, кээ бирлери аларга рахматын айтуу менен сый мамилесин билгизди.
    Бейтааныш эле адамдар аксакалдар менен эстеликке сүрөткө түшүп, кээ бирлери аларга рахматын айтуу менен сый мамилесин билгизди.
    Жылдыз Осмонова
1 / 2
Жылдыз Осмонова
Москвалыктар кыргызстандык ардагерлерди көчөдөн, эс алуу жайларынан көргөндө сый-урмат менен мамиле кылышты.

"Москва шаарындагы элчиликтин программасы боюнча ардагерлер Ленинград проспектиндеги Манастын эстелигинде болушту, Воробьев тоосуна жана ыйык-сыйынуучу тоого жайгашкан Улуу Ата мекендик согуш музейине барышты, ошондой эле Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн музейи менен таанышты. Москва дарыясында теплоход менен жүрүштү. Москвадагы кыргыз диаспорасы уюштурган салтанаттуу иш-чараларга катышты", — деп билдирди Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат кызматы. 

Ал эми Москвада жашап, иштеп жаткан Жылдыз Осмонова москвалыктар кыргызстандык ардагерлерди көчөдөн, эс алуу жайларынан көргөндө сый-урмат менен мамиле кылышкандыгын маалымдады. Бейтааныш эле адамдар аксакалдар менен эстеликке сүрөткө түшүп, кээ бирлери аларга рахматын айтуу менен сый мамилесин билгизгендигин кошумчалады.

Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)

Тема боюнча

Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Москвадагы парадга кыргызстандык үч ардагер барат
Президент согуштун ардагерлерине юбилейлик медалдарды тапшырды
Белгилер:
Москва, Алмазбек Атамбаев, Владимир Путин, Сатымкул Садыков, Кызыл Аянт, согуш ардагерлери

ЭҢ МААНИЛҮҮ