Өзгөн районунун соту пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
КР жараны 7-майда Башкы прокуратурага Өзгөн районунун сотуна карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Сот жарандын үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотом деп 500 доллар пара талап кылган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өзгөн районунун соту 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Жолдубаева: кызматтык кылмыштардын ичинен пара талап кылуу көбөйгөн - Sputnik Кыргызстан
Жолдубаева: кызматтык кылмыштардын ичинен пара талап кылуу көбөйгөн
КР жараны 7-майда Башкы прокуратурага Өзгөн районунун сотуна карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Сот жарандын үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотом деп 500 доллар пара талап кылган. 

12-майда Башкы прокуратуранын кызматкерлери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош облусунун Өзгөн районунун сотун ИИМдин түштүк аймагы боюнча кызматкерлери менен биргеликте кармашкан.

Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө жана Башкы прокуратура кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жогорку соттун маалымат кызматы бул факт боюнча толук маалыматты кийин бере турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0