Бишкекте Батырхан Шукеновду эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЫрчы Батырхан Шукенов. Архив
Ырчы Батырхан Шукенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертке Эркин Мукашев, Аяна Касымова, Жамиля Муратова, Арсен, Омар жана башка белгилүү ырчылар менен музыкалык топтор катышат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектин аянттарынын биринде 18-май күнү Батырхан Шукеновду эскерүү кечеси өтөрүн иш-чаранын уюштуруучусу Дарика Асылбашева билдирди.

Казак ырчысы Батырхан Шукенов 29-апрелде Москвада жүрөк оорусунан каза болгон. 

Асылбашеванын айтымында, кечени өткөрүү күнү бекеринен тандалган жок — 18-майда ырчы 53 жашка чыкмак.

"Сүйүктүү артисттин өлүмү биз үчүн күтүүсүз болду, ошондуктан ага Алматынын тургундары сыяктуу акыркы белегибизди ыйгаргыбыз келет", — дейт уюштруучу.

Концертке Эркин Мукашев, Аяна Касымова, Жамиля Муратова, Арсен, Омар жана башка белгилүү ырчылар менен музыкалык топтор катышат.

"Алардын баары акысыз чыгып ырдашат. Аянтчанын ээси да бизге түшүнүү менен мамиле кылып, эң аз ижара акысын алмак болду. Ошондуктан кече үчүн билет арзан болот", — деп белгиледи Асылбашева.

Ошондой эле ал Шукеновдун концерттик директору Олжас Байманов бул идеяны жакшы кабыл алып, ал турсун, ырчынын сүрөттөрүн жибергенин, алар эскерүү кечесинде сахнага илине турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0